Текст песни Гулжигит Сатыбеков - классташтар

Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Ошондо ойго келеби,
Мектепти бүтүп кетерим.
Кайдасың эми классташ?
Сагынам агай-эжени.

Кайырма:
Мектебиме келдим,
Кайдасыңар, кайдасыңар?
Сагындым мен силерди, парталаштар.

Жаш көчөт элек тигилген,
Уядан учтук бириндей,
Убакыт өттү билинбей,
Көзгө илинбей.

Кайырма:
Мектебиме келдим,
Кайдасыңар, кайдасыңар?
Сагындым мен силерди, парталаштар.
Сагындым мен силерди, уялаштар